• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери селдин кесепеттерин жоюуга активдүү катышууда

Аймак 0


Бишкек, 19.08.24. /Кабар/. Ысык-Көл районунун милиция кызматкерлери селдин кесепеттерин жоюуга активдүү катышууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, күн мурун райондун аймагында катуу жаандан улам сел жүрүп, бир нече калктуу конуштарга зыянын алып келгендиктен өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Буга байланыштуу Ысык-Көл РИИБдин кызматкерлери өзгөчө кырдаалга ыкчам жооп кайтарып, жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин жоюуга активдүү катышууда.

Милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жергиликтүү бөлүмүнүн кызматкерлери жана ыктыярчылар менен биргеликте жабыркаган тургундарга жардам көрсөтүүдө. Аракет биринчи кезекте сел алып келген ылайга жана таштандыга толгон короолорду жана үйлөрдү тазалоого багытталган. Милициянын ондогон кызматкерлери куткаруу жана калыбына келтирүү иштерине күнү-түнү катышууда.

Пикир

Оставить комментарий