Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери туристтердин адашып кеткен баласын таап беришти

Аймак 0

Бишкек, 20.07.23. /Кабар/. Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери Россиядан келген туристтердин адашып кеткен 4 жашар баласын таап беришти. Бул тууралуу ИИМдин Атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 19-июлда саат 14:30 чамасында "Алтын-Көл" эс алуу жайында коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо кызматында жүргөн Атайын багыттагы полктун кызматкерлери Санжар Эшалиев менен Максат Болотбековго Россиядан келген туристтер 4 жашар баласын жоготуп алгандыгын айтып, жардам сурап кайрылышкан.

Полктун кызматкерлери дароо адашып кеткен баланы издөөгө киришип, баланы аман-эсен таап, ата-энесине өткөрүп беришкен.

Өз кезегинде россиялык туристтер Атайын багыттагы полктун кызматкерлеринин ыкчам аракеттерине ыраазычылык билдиришкен.

Пикир

Оставить комментарий