Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери уюштурган “Бактылуу балалык кербени” акциясы өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 18.11.21. /Кабар/. Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери уюштурган “Бактылуу балалык кербени” акциясы өтүүдө. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Акциянын алкагында жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан Каракол шаарынын, Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондорунун жогорку класстарынын окуучуларына, Пристань-Каракол шаарчасында орун алган мемориалдык музейинин аймагында өзгөчөлөнгөн семинар-тренинги уюштурулду.

Ачык асмандын астында окуучулар жана милиция кызматкерлери топторго бөлүнүп, өз курактагы өспүрүмдөр арасындагы биримдигин уюштуруу жана бири-бирине толеранттык карым-катнашты күчөтүү маселелерин талкулап чыгышты. Командалык өз ара жардамдашууну камтыган ар кандай оюн-зооктор дагы ойнолуп, балдардын купулуна толду.

Ошондой эле окуучулар милиция кызматкерлери менен бирдикте мемориалдык музейинин айланасын тазалап, иш-чаранын акырында Н.Пржевальскийдин жана Х.Карасаевдин музейлеринде экскурсияда болушуп, алардын атактуу иштери менен жакындан таанышты.

Пикир

Оставить комментарий