• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Ысык-Көлдө мини-дрон кулап түшкөн – Чек ара кызматы комментарий берди

Коом 0


Бишкек, 14.08.24. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы Ысык-Көлдөгү мини-дрондун кулашы боюнча камментарий берди.

Ведомствонун маалыматына караганда, бүгүн Балыкчы шаарынын аймагындагы ок атуу талаасында тактикалык мини-дрондун жаңы түрүн окуу сынагынан өткөрүү учурунда ал Ысык-Көл облусундагы Тамчы аэропортуна коноор алдында кулап түшүп, күйүп кетип, алдын ала аныкталган чекитке жетпей калган.

Кичи дрондун кулоосунан эч ким жабыркаган эмес. Азыркы учурда аэропорттун мини-дрон кулаган аймагын калдыктардан тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Сынак өткөргөн топ мини-дрондун кулап түшүү себептерин аныктоодо.

Пикир

Оставить комментарий