• 87
  • 90.63
  • 0.79

Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулагандарга карата кылмыш иши козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.11.24. /Кабар/. Каракол шаардык милициясынын кызматкерлери мыйзамсыз балык уулоо боюнча Пристань Пржевальск айылынын тургундарын аныкташты.

Президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, милицияга мыйзамсыз балык уулап, сатуу менен алектенгендер тууралуу билдирүү түшкөн.

Маалымат каттоого алынып, мыйзам бузгандарды аныктоо максатында ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлө башталган.

Каракол ШИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө чараларынын натыйжасында, Пристань Пржевальск айылынын аймагында мыйзамсыз балык уулоо жана сатуу менен алектенген Пристань Пржевальск айылынын алты тургуну кармалган. Алардын үйүн тинтүү учурунда жаңы кармалган жана кургатылган балыктар, балык кармоочу торлор, кайырмак, моторлуу кайык жана башкалар абылган.

Аталган фактылар боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренесине ("Балыкты, же болбосо суу жаныбарларын мыйзамсыз уулоо жана олжолоо") беренесине ылайык кылмыш иши козголду.

Тергөө амалдары уланууда

Пикир

Оставить комментарий