• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Ысык-Көлдөн Чүй облусуна баңгизат ташуу жана сатуу каналына бөгөт коюлду - ИИМ

Коом 0


Бишкек, 28.12.21. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында баңгизат каражаттарды даярдоо, аларды Ысык-Көл облусунан Чүй облусуна ташуу жана сатуу боюнча кезектеги баңгилик каналга бөгөт коюлду.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын А.Масалиев жана Д.Садырбаев көчөлөрүнүн кесилишинен “Тойота-Эстима” маркасындагы авто унаа токтотулуп, анын ичинде Б.Ж. аттуу жаран болгон. Ыкчам маалыматтарга ылайык, Б.Ж. аттуу жаран баңгилик топтун катышуучусу болгон. Ал буга чейин баңгизат каражаттарын ташуу жана сатуу менен алектенип келгени белгилүү болгон.

Жогоруда аталган авто унаага тинтүү жүргүзүү учурунда анын ичинен кара куурай өзгөчө жытына ээ, квадрат формасындагы күкүм аралашма кочкул жашыл өңдөгү заты бар баштык алынган.

Экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат жалпы салмактагы 3 кг каннабис чайыры (гашиш) баңгизат каражаты болгон.

Кармалган жаран Бишкек шаарынын № 1 тергөө изоляторуна киргизилип, сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Милициядан кабарлагандай, азыркы учурда аталган баңгилик кылмышка тиешеси бар жарандардын инсандыгын аныктоо боюнча атайын тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан республика боюнча ушуга окшогон фактыларды аныктоого багытталган иш-чаралар туруктуу негизде жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий