• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында спорт комплекси курулат

Аймак 0

Бишкек, 07.08.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында спорт комплекси курулат. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, Кара-Ой айылында Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиевдин катышуусу менен көчмө жыйын өттү. Анда аталган айылда курула турган мультифункционалдык спорт комплекстин курулушу боюнча долбоор талкууланды. Ага жергиликтүү башкармалыктын өкүлдөрү дагы катышышты.

Кыргыз футбол биримдигинин колдонуусуна берилген Кара-Ойдогу 17,72 гектар жер тилкесинин аймагында заманбап спорт комплексинин курулушу башталат.

Жыйында объектинин эскиздик долбоору сунушталды. Аталган комплексте спорттун олимпиадалык түрлөрү: футбол, сууда сүзүү, жеңил атлетика, волейбол, баскетбол, күрөш, дзюдо, бокс, гимнастика, оор атлетика, теннис жана башкалар үчүн инфраструктура каралат.

Комплексте аталган спорттор боюнча эл аралык даражадагы мелдештерди өткөрүүгө жана улуттук курама командаларды даярдоого бардык шарттар түзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий