• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ысык-Көлдүн Тоң районунда жаңы бала бакча ачылды

Аймак 0

Бишкек, 03.12.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Ак- Сай айылында 100 балага ылайыкташтырылган жаңы балдар бакчасы ачылды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бала бакчасынын ачылышына президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Мирбек Кожоев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.

Белгилей кетсек, Болот Мамбетов айыл өкмөтү АРИСтин ПСИ-2 долбоорунун алкагында Бүткүл дүйнөлүк банктын каржылоосу менен башталган программага катышып, 2019-жылы 100 орундуу бала бакчанын долбоорун утуп алган.

Пикир

Оставить комментарий