Ысык-Көлдө окуучуларга өспүрүмдөрдүн жазык жоопкерчилиги тууралуу маалымат берилди

Аймак 0

Бишкек, 04.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 4-февралда Ысык-Көлдө окуучуларга өспүрүмдөрдүн жазык жоопкерчилиги тууралуу маалымат берилди. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын орун басары Алмазбек Апышев окуучулардын укуктук маданиятын жогорулатуу максатында Каракол шаарындагы № 5 орто мектебинин 9-10-11-класстарынын окуучулары менен маалыматтык жолугушуу өткөрүп, “Өспүрүмдөрдүн арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу” аттуу темада дарс окуган.

Жолугушуунун алкагында судья окуучуларга жаңы кылмыш-жаза мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрү, өспүрүмдөрдүн кылмыштуулугу жөнүндө түшүнүк берип, анын мүнөздөмөсүнө жана себептерине токтолуп, өспүрүмдөрдүн кылмыштуулугунун алдын алуунун максаттары менен милдеттери жөнүндө айтып берди. Жашы жете электерге карата каралган кылмыш иштери боюнча өзүнүн жеке тажрыйбасынан мисалдар менен бөлүшүп, окуучуларга насааттарын айтып, кеңештерин берди. Ошону менен бирге, келечектеги кесипти туура тандоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Окуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорду беришип, аларга мазмундуу жоопторду алышты.

Жолугушуунун соңунда Алмазбек Апышев окуучуларга бекем ден соолук жана ийгиликтерди каалады.

Өз кезегинде окуу-тарбия иштери боюнча мектеп директорунун орун басары Роза Токубекова жана окуучулар кызыктуу жана мазмундуу лекция үчүн Алмазбек Апышевге ыраазычылык билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий