• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Ысык-Көлдө опузалоого шектелип мурда бир нече жолу соттолгон жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.03.23. /Кабар/. Ысык-Көлдө опузалап акча талап кылууга шектелип мурда бир нече жолу соттолгон жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ушул жылдын февраль айынын аягында Ысык-Көл облустук милициясына жергиликтүү тургун кайрылып, белгисиз адамдар андан опузалап акча талап кылганын билдирген.

“Өткөн жылдын күз айларында курамына мурда соттолгон жарандар кирген топ айыл тургунуна келип, коркутуп кеткен. Алынган маалыматка караганда, жогорудагы шектүү жарандар акча жана мүлк талап кылган. Алар айыл тургунун опузалоо менен атын тартып алышкан”, - деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (“Опузалап талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кылмыш ишине шектелгендердин бири 36 жаштагы О.А. кармалды. Ал өзүм билемдик, каракчылык, бейбаштык, ден соолукка оор залал келтирүү фактылары боюнча мурда соттолгон. Ошондой эле О.А. мурда жасаган мыйзамсыз жоосундары үчүн соттолгон деп эсептелип, пробация органдарында жазасын өтөп жатканы белгилүү болду.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жогорудагы шектүүнүн шериктерин кармоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий