Ысык-Көлдө перлит чыгаруучу завод курулуп жатат

Аймак 0

Бишкек, 14.09.22. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жаңы-Арык айылында перлит чыгаруучу завод курула баштады. Бул тууралуу Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан билдирди.

Маалыматка ылайык, бул ишкана Кыргызстандагы перлит чыгаруучу заводдордун алгачкысы болмокчу.

"Ак-Суулук ишкер 2022-жылы завод ачуу боюнча долбоору менен фондго кайрылган. Фонддун байкоочу кеңеши долбоорду жактырып, 2 млн сом пайызсыз насыя бөлгөн. Фонд бөлгөн каражаттан сырткары инвесторлордун салымы дагы бар. Учурда курулуш жана жабдууларды орнотуу иштери кызуу жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, перлит чыгаруучу атайын меш Кытайдан алып келинди. Перлит негизинен курулуш тармагында жылуулук өткөрүүчү материал жана жеңил бетондорду, эритмелерди жасоодо агрегат катары колдонулат.

Пикир

Оставить комментарий