Ысык-Көлдө "Пробация кардарларын электрондук көзөмөлдөө" долбоору жайылтылууда

Аймак 0

Бишкек, 01.07.24. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында пилоттук режимде "Пробация кардарларын электрондук көзөмөлдөө" долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаментинин коомчулук менен байланыш тармагы билдирди.

"Электрондук көзөмөлдү" жайылтуунун башкы максаты - пробация кардарларына карата көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу.

Тактап айтканда, зордук-зомбулук кылмыштарын жасаган пробациянын кардарлары үчүн электрондук билерик жана "Мобилдик көзөмөл" мобилдик тиркемеси түрүндөгү көзөмөл жүргүзүү эрежелери күчөтүлүүдө, бул алардын кыймылын натыйжалуу көзөмөлдөөгө жана коомдук коопсуздуктун деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Белгиленгендей, "Электрондук көзөмөл" Кыргызстандын Бишкек, Ош жана Тлас сыяктуу башка шаарларында дагы пилоттук режимде жайылтылууда.

Пикир

Оставить комментарий