• 87
  • 90.63
  • 0.79

Ысык-Көлдө өрт кырсыктарын алдын алууга багытталган иш-чаралар өткөрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 03.12.24. /Кабар/. Ысык-Көлдө өрт кырсыктарын алдын алууга багытталган иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашкандай, учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери аймакта өрт кырсыктарынын санын азайтуу боюнча профилактикалык иш-чараларды күчөтүлгөн тартипте жүргүзүүдө.

Статистикага таянсак, быйыл облуста 11 ай ичинде 322 өрт катталып, 99 млн 842 миң сом чыгым алып келген. Бул көрсөткүч 2023-жылы катталган жалпы 401 өрт кырсыгына жана 145,4 млн сом чыгымга караганда кыйла аз.

Ошондуктан мындай көрсөткүчтү дагы да төмөндөтүү жана күз-кыш мезгилинде өрт кырсыктарын азайтуу максатында куткаруучулар тарабынан үймө-үй кыдыруу жолу жана LED-экрандарга атайын видеороликтерди жайгаштырып, базарлардагы радио түйүндөр аркылуу жарандарга үгүт-насаат иштери жүргүзүлүп жатат.

Ошондой эле коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча жарандарга кеңештер берилип, от жагуучу мештерди жана электр жылыткычтарын туура колдонуу, морлорду өз убагында тазалоо жана электр зымдарынын чыңалуусуна алып келүүчү шарттар тууралуу эскертүүлөр берилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий