• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Ысык-Көлдө сүт өндүрүүчүлөргө ташуу үчүн заманбап цистерналар берилди

Аймак 0

Бишкек, 13.08.24. /Кабар/. Ысык-Көлдө сүт өндүрүүчүлөргө сүт ташуу үчүн заманбап цистерналар берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Заманбап цистерналар министрлер кабинети менен макулдашуунун негизинде Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан берилген каражаттын эсебинен Агробизнестик атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борбору аркылуу "Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча интегралдык долбоорду кошумча каржылоо" долбоорун ишке ашыруунун алкагында берилди.

Белгиленгендей, 12-августунда Каракол шаарында аймактагы айыл өкмөттөр жана жамааттык-сүт өндүрүүчүлөрдүн башчыларына сүт ташуу цистерналарын салтанаттуу тапшыруу аземи өтүп, Бүткүл дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагында сатып алынган сүт чогултуу пункттарынын 10 бекети түзүлүп, муздатуу цистерналары орнотулган.

Көлөмү 1 тонналык 7 стандарттык цистерна жана көлөмү 2 тонна болгон үч цистерна берилди.

Пикир

Оставить комментарий