• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Ысык-Көлдө салттуу дин жана тыюу салынган агымдар боюнча лекция окулду

Аймак 0

Бишкек, 12.02.22. /Кабар/. 2022-жылдын 11-февралында Ысык-Көл ОИИБдин экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы жана Жети-Өгүз РИИБнин балдар инспециясы кызматкерлери тарабынан Жети-Өгүз районунун Аң-Өстөн айылындагы Ы.Сооронбаев атындагы орто мектебинин 9-11-классынын окуучуларына, ата-энелерине жана мугалимдерине салттуу дин жана тыюу салынган агымдар боюнча лекция окулду.

Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда Кыргызстанда экстремисттик деп табылган жааматтар жөнүндө түшүнүк, алардын мыйзамсыз жүргүзгөн ишмердүүлүгүн жана айырмачылыгын аныктоо, ошондой эле алардын өзгөчөлүгү жана жөнүндө кеңири айтылды.

Диний экстремизм жана терроризм боюнча каралган кылмыш-укуктук жоопкерчиликтер түшүндүрүлүп, жарандарга жана жаш өспүрүмдөргө карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын өзгөчөлүгү айтылды.

Пикир

Оставить комментарий