• 87
  • 90.41
  • 0.84

Ысык-Көлдө санитардык талаптарды бузгандарга жалпы 134 миң сом айыппул салынды

Аймак 0

Бишкек, 19.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Ысык-Көл облусунда санитардык талаптарды бузгандарга жалпы 134 миң сом айыппул салынды. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев билдирди.

Анын айтымында, эң көп чач тарач кызматына − 23 миң сом жана коомдук тамактануу жайларына − 15 миң 500 сом айыппул салынган.

"Облустун район, шаарларындагы ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлорунун кызматкерлери тарабынан 2020-жылдын 30-апрелинен бери 2 миң 28 текшерүү жүргүзүлүп, 1 миң 705 санитардык көрсөтмө берилди. Санитардык талаптарды жана эрежелерди бузгандыгы үчүн 105 протокол түзүлүп, 18 токтом чыгарылып, 87 жооптуу тарапка 134 миң сомго айыппул салынды", - дейт ал.

Осмоналиев билдиргендей, облустун бардык аймактарында дезинфекциялоо иштери жүрүп, облуста бардыгы болуп 2 миң 840 объект дезинфекцияланып, жалпы 1 млн 743 миң 458 чарчы метр жер залалсыздандырылган.

Пикир

Оставить комментарий