• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Ысык-Көлдө селден кийин 110 турак үй дезинфекцияланды

Коом 0

Бишкек, 26.08.24. /Кабар/. Ысык-Көлдөгү селден кийин 110 үй дезинфекцияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан Корумду айылында 6, Кашат айылында 4 жана Темир айылында 100 турак үйдө дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле бүгүн айылдарда селдин кесепеттерин жоюу иштерине жалпы 307 адам жана 58 атайын техника, 1 өрт өчүрүүчү унаа тартылды.

Тазалоо иштерин жеринде Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов көзөмөлдөп жүрөт.

Мындан сырткары, өткөн жумада жашоочуларга жүз тоннадан ашык таза суу жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий