• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Ысык-Көлдө селдин кесепеттерин жоюуга 755 адам жана 59 техника тартылды

Аймак 0

Бишкек, 20.08.24. /Кабар/. Бүгүн, 20-августта таң эрте сел кесепеттерин жоюу иш-чараларын улантуу үчүн жалпы 755 адам жана 59 атайын техника тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Белгиленгендей, анын ичинен ӨКМден 358 куткаруучу, 7 инженердик техника жана 8 мотопомпа чыкты.Ал эми облустук Жарандык коргонуу кызматтарынан 397 кызматкер жана 33 ХОВО, 16 жүктөгүч, 7 экскаватор жана 3 ассенизатор тартылган.

Алдын ала маалымат боюнча, Ысык-Көл районунда 497 турак үй, 3 социалдык мекеме (1 бала бакча, 1 ФАП, 1 китепкана) эс алуу жайлары жабыркаган.

Белгилей кетсек, 19-августта ӨКМдин куткаруучулары 25 турак үй, Жарандык коргонуу кызматтары 35 үй, жалпысынан 60 турак жай сел калдыктарынан толук тазаланган.

Пикир

Оставить комментарий