Ысык-Көлдө «Шумкар» полкунун кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздоодо

Аймак 0

Бишкек, 09.07.21. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин “Шумкар” атайын багыттагы полку түзүлгөн күнүнөн тарта жайдын курорттук мезгилинде Ысык-Көл облусунда жайгашкан курорттук ден-соолукту чыңдоо жайларда коомдук тартипти көзөмөлдөп, жарандардын жана чет өлкөлөрдөн келген коноктордун коопсуздугун камсыздоо үчүн кызмат өтөп келет. Бул тууралуу аталган полктун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын жайкы туристтик мезгили ачылган күндөн баштап ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Балыкчы шаарында жайгашкан өзүнчө ротасынын өздүк курамы Ысык-Көл облусунун аймагындагы эс алуу жайларда коомдук тартипти, жарандардын коопсуздугун камсыздоодо. Алар эс алуучуларга сууга түшүүдө сактык чараларын көрүү, мыйзамдуулукту сактоо жана коронавирус илдетин жуктуруп албоо максатында ар кандай алдын алуу иштерин жүргүзүүдө.

Андан тышкары облус аймагында ыкчам кырдаалды көзөмөлдөө, мыйзамдуулукту сактоо, кылмыштуулукту алдын алуу максатында Ысык-Көл облусунун РИИБнин жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмчөсү менен биргеликте кезек-кезеги менен күнү-түнү кызмат өтөшүүдө.

Пикир

Оставить комментарий