• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Ысык-Көлдө суу ресурстарын натыйжалуу башкаруу боюнча кеңешме өттү

Аймак 0

Бишкек, 11.09.24. /Кабар/. Ысык-Көлдө Кыргызстандын суу ресурстарын натыйжалуу башкаруу боюнча координациялык кеңешме өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Бегиленгендей, иш-чаранын максаты суу ресурстарын пайдалануу жана коргоо боюнча комплекстүү жана натыйжалуу башкаруунун жолдорун издөө болуп саналат. Анда алардын экономикалык жана социалдык маанисин эске алуу менен ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруунун иш-аракеттери талкууланды.

Иш-чаранын алкагында ирригацияны, ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүн изилдөө, алынган сабактарды талдоо жана суу чарба чөйрөсүнө инвестиция тартуу үчүн стратегияны түзүү милдеттери коюлду.

Кеңешменин жыйынтыгында суу ресурстарын жана суу чарба инфраструктурасынын объекттерин туруктуу башкаруу жана сарамжалдуу пайдалануу максаттары, мындан сырткары суу ресурстары кызматынын келерки жылга пландары талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий