• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ысык-Көлдө төрт жашар кыз көлгө чөгүп кеткен

Кырсык 0

Бишкек, 19.07.22. /Кабар/. Ысык-Көлдө төрт жашар кыз көлгө чөгүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылдарынын ортосунда көлгө чөгүп кеткен Н.А. аттуу кызды издөөгө 10 куткаруучу, 10 милиция кызматкери жана жергиликтүү тургундардан 15 киши тартылган.

“Кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган. Жумуштар бүгүн, 19-июль күнү улантылат”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий