• 86.8
  • 91.4
  • 0.83

Ысык-Көлдү таштандыдан тазалоо. 17 миң тоннага жакын таштанды чыгарылды

Аймак 0


Бишкек, 21.09.23. /Кабар/. Ысык-Көлдү тазалоонун 156-күнүндө суучулдар көлдүн астынан 16 миң 721 кг таштанды, 103 миң 950 метр балык уулоочу тор чыгарышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, соңку апта ичинде Чолпон-Ата шаарындагы "Бакыт" жана "Голубой Иссык-Куль" пансионаттары эки жолу тазаланды. Андан соң суучулдар облустун Тоң районунун Кара-Шаар, Кара-Талаа, Ак-Сай айылдарына жакын жердеги көлдүн астын тазалашты.

Белгиленгендей, Ысык-Көлдү тазалоо иштери президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 2023-жылдын 12-мартында башталып, 156 күн ичинде 246 миң 283,5 гектар аянт тазаланды. Учурда иш уланууда.

Пикир

Оставить комментарий