• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Ысык-Көлдү тазалоонун 108-күнү. Кезек пансионаттардын жээгине жетти – видео

Аймак 0

Бишкек, 11.07.23. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары Ысык-Көлдөгү пансионаттардын жээгин таштандыдан тазалоодо.

Ведомствонун маалыматына караганда, азыркы тапта Чолпон-Ата шаарындагы жана Кара-Ой айылындагы муниципалдык жана жеке менчик пансионаттар тазаланууда. Алар: "Зето", "Кейсар", "Каганат", "Ала-Тоо", "Солнечный Берег", "Алтын балалык" ден соолукту чыңдоо жана реабилитациялык борбору.

ӨКМдин маалымат кызматынан кошумчалашкандай, жалпы 108 күн ичинде Ысык-Көлдө суу астынан 97 миң 200 метр балык уулоочу тор, 8 миң 575 кг таштанды чыгарылды.

Белгилей кетсек, көлдү тазалоо иштери президент Садыр Жапаровдун жарлыгынын негизинде аткарылууда.

Пикир

Оставить комментарий