• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Ысык-Көлдө тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-чараларды ишке ашыруу темасы талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 12.08.24. /Кабар/. Ысык-Көлдө "Тоолуу аймактарды 2023-2027-жылдарга өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-чараларды ишке ашыруу" темасы талкууланды.

Аталган теманы талкуулоого арналган тегерек стол КР президентинин Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттерди ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелованын төрагалыгы астында өттү.

Иш-чарага президенттин Ысык-Көл облусу боюнча өкүлүнүн биринчи орун басары Данияр Арпачиев, ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин жетекчиси Алексей Рогов, БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александра Соловьева, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Суу ресурстары, айыл-чаба жана кайра иштетүү өнөр-жай министрлигинин өкүлдөрү жана райондук мамлекеттик администрациялардын жетекчилери, ишкер чөйрөлөр, ошондой эле жергиликтүү жамааттар катышты.

Тегерек столдун жүрүшүндө Ысык-Көл облусунун тоолуу аймактарын өнүктүрүүнүн актуалдуу темалары: тоолуу аймактарда табигый кырсыктардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу, тоолуу калктуу конуштарда климаттын өзгөрүүсүнө көнүү, Кыргызстанда тоолуу аймактарда туруктуу социалдык - экономикалык өнүгүү, анын ичинде тоо продуктыларын жана тоо туризмин жайылтуу, ошондой эле тоо экосистемаларын коргоо маселелери талкууланды. Мындан тышкары, катышуучулар тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттердин Жол картасын ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Атайын өкүл Динара Кемелова 9-11-августта Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ак-Суу районунда бир катар иш-чараларды өткөрдү.

Тактап айтканда, райондук мамлекеттик администрациясынын имаратында Ак-Суу районунун жергиликтүү бийлик органдарынын, кооперативдердин жана жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын болуп, анда тоолуу аймактарды, анын ичинде тоо продукцияларын жана тоо туризмин өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды.

Мындан тышкары, Динара Кемелова Алтын-Арашан туристтик бизнесинин өкүлдөрү менен жолугушуп, инфраструктураны жакшыртуу жана алардын мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулады. Жергиликтүү туристтик коомчулуктун өкүлдөрү тоо туризмин өнүктүрүү боюнча бир катар суроо-талаптарды айтышты.

Бардык иш-чараларда президенттин атайын өкүлү Динара Кемелова тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясат жөнүндө айтып берди.

Пикир

Оставить комментарий