• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ысык-Көлдө турбазадан өрт чыгып, пенсионер каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 23.01.23. /Кабар/. Ысык-Көл районунун Кызыл-Өрүк айылындагы “Улан” турбазасынын 20 чарчы метр өткөрүү пункту жана ичиндеги буюмдары күйгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен 1949-жылы туулган К.А. аттуу эркек киши жабыркап, денесинин 90%ы күйүп, 4 даражадагы күйүк алган. Жабырлануучу ооруканага жеткирилгенден кийин каза болуп калган. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий