• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ысык-Көлдө туристтик милиция иштеп баштады

Коом 0

Бишкек, 24.06.19. /Кабар/. Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгында туристтик милиция түзүлдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, туристтик милицияга ОИИБдин алдындагы патрулдук кызматынан 22 кызматкер бөлүнгөн.

“Бул кызматтагылар чет элдик туристтерге баардык жардам көрсөтө алышат. Туристтик милиция кызматкерлери үчүн негизги талап – чет тилдерди билүү, эс алуучулардын милиция кызматына ишенүү деңгээлин жогорулатуу”, - деп айтылат маалыматта.

Учурда милиция кызматкерлери Каракол шаарында кызмат өтөшүүдө. Кийинчерээк алар Ысык-Көл районуна жиберилет.

Пикир

Оставить комментарий