• 87
  • 90.58
  • 0.83

Ысык-Көлдө учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу боюнча машыгуулар башталды

Аймак 0

Бишкек, 13.09.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу боюнча кыргыз-орус машыгуулары башталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 13-сентябрда, Чолпон-Ата шаарында кыргыз-орус машыгууларынын ачылыш аземи болду.

Иш-чарага ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев жетектеген Кыргызстандын делегациясы, Россиянын делегациясынын курамындагы Ички иштер министрлиги, Росгвардия, Тышкы иштер министрлиги, орусиялык алдыңкы өндүрүүчүлөр жана ошондой эле БУУнун Кыргызстандагы Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын программалык кеңсесинин өкүлдөрү катышты.

Машыгууларда эки өлкөнүн компетенттүү органдары кылмышкерлерди издөө, дайынсыз жоголгондорду табуу, жапайы кара куурайдын өскөн жерлерин картага түшүрүү, ошондой эле учкучсуз учуучу аппараттардын жардамы менен кыймылдап бара жаткан объекттерди көзөмөлдөө боюнча окуу тапшырмаларын иштеп чыгышат.

Машыгуунун максаты - укук коргоо органдарынын ыкчам жана кызматтык иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн учкучсуз башкаруу аппараттарын колдонуу боюнча тажрыйба алмашуу.

Машыгуунун жыйынтыктары Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик координациялык комитеттин 2021-жылдын 17-сентябрына пландаштырылган көчмө жыйынында каралат.

Мындан тышкары, машыгуунун алкагында адистештирилген жабдуулардын акыркы иштеп чыгууларынын көргөзмөсүн өткөрүү пландалууда, анын ичинде россиялык өндүрүүчүлөрдүн учкучсуз учуучу аппараттары дагы көргөзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий