• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Ысык-Көлдө УКМК төрагасынын кубогу үчүн республикалык спартакиада башталды

Спорт 0

Бишкек, 03.09.24. /Кабар/. Бүгүн Ысык-Көлдө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын кубогу үчүн командалык спорттун түрлөрү боюнча жыл сайын өтүүчү республикалык спартакиада башталды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, спорттук иш-чара Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин бардык облустук башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин катышуусунда өтүүдө.

"Быйылкы жылы коопсуздук органдарынын спорттук командалары спорттун төмөнкү түрлөрү боюнча күч сынашат: эркектер үчүн жалпы командалык - футбол, баскетбол, волейбол, шахмат, ал эми кыз келиндер үчүн - 1000 метрге чуркоо, жеңил атлетика – эстафеталык чуркоо жана аркан тартыш каралган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий