• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Ысык-Көлдө унаа сүзүп кеткен жол тескөөчүнүн абалы Ички иштер министринин көзөмөлүндө

Коом 0

Бишкек, 17.08.24. /Кабар/. Ысык-Көлдө жол кыймылын жөнгө салуу учурунда унаа сүзүп кеткен кызматкердин ден соолугунун абалы ички иштер министри Улан Ниязбековдун көзөмөлүндө.

Жол кыймылынын коопсузудгун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, бул кызматкер Бишкек шаарынан Ысык-Көл облусуна кызматтык иш-сапар менен барып, кызмат өтөө учурунда (жол тыгынын жөнгө салып жатканда) "Мерседес-Бенц" үлгүсүндөгү унаа сүзүп кеткен. Ал дароо ооруканага жеткирилип, учурда медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

"Саламаттыкты сактоо министрлиги менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, Ысык-Көлдөн Бишкек шаарына алып келинүүчү медициналык кызматтык унаа даяр. Медицина кызматкерлери уруксат берсе дароо Бишкек шаарына алып келинет. Андан ары кызматкердин ден-соолугун калыбына келтирүү үчүн бардык чаралар көрүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий