• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

Ысык-Көлдө милиция жайкы туристтик мезгилге кызуу даярдыктарды көрүүдө

Аймак 0


Бишкек, 30.05.22. /Кабар/. Ысык-Көлдө милиция жайкы туристтик мезгилге кызуу даярдыктарды көрүүдө.

Облустук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, Ысык-Көл ОИИБнин «Курорт-2022» комплекстүү иш-мерчеми иштелип чыгып, анда өткөн жылдардагы туристтик сезондо аткарылган иштерди талдап чыгуунун негизинде укук тартибин жана коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча биринчи кезектеги чаралар белгиленип, бир катар ыкчам жана алдын алуу иш-чаралары аныкталган.

Ысык-Көл облусунун аймагында 700гө жакын курорттор, эс алуу үйлөрү, туристтик лагерлер, балдардын эс алуу борборлору жана эс алуунун башка түрлөрү бар.

Алардын басымдуу бөлүгү Ысык-Көл районунун аймагында жайгашкандыктан, Бостери айылдык милиция бөлүмчөсүнүн базасында, жайкы туристтик мезгилге коопсуздукту камсыз кылууга бекитилген күчтөрдү жана каражаттарды координациялоо жана бөлүштүрүү үчүн Ысык-Көл ОИИБдин убактылуу штабы түзүлдү.

“Жайкы туристтик сезондо облустук милициянын миңден ашуун кызматкери эс алуучулардын жана чет элдик туристтердин коопсуздугун камсыздоо үчүн кызмат өтөшөт. Ошондой эле милициянын ишине жардам иретине ыктыярдуу элдик кошундардын мүчөлөрү да тартылмакчы”, – деп билдиришти милициядан.

Белгиленгендей, ички иштер органдарынын өздүк курамынын саны, ыкчам кырдаалдын өзгөрүшүнө жана туристтердин келишине жараша КР Ички иштер министрлигинин күчтөрүнүн жана каражаттарынын эсебинен көбөйөт.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында, облустун автожолдоруна 50гө жакын посттор орнотулуп, анда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча инспекторлордун 3 смендик иши уюштурулат.

Тоодогу туристтик каттамдарда милициянын 3 убактылуу таяныч пунктары иш алып барышат. Мындан тышкары, туристтик жана экологиялык милициянын кызматкерлери, чет элдик туристтер жана эс алуучулар саякатташкан тоолу каттамдарда, жол тандабас автоунаалар жана жөө жүрүш менен кайгуул-күзөт иштерин жүргүзүп турмакчы.

"Туристтердин жана эс алуучулардын ынгайлуулугу үчүн Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын күнү-түнү кызмат кылуучу колл-борбору уюштурулуп, анда чет элдик турист, же эс алуучу 0705009102 телефону аркылуу чалып, англис же орус тилдеринде, аймактагы коопсуз эс алуудан баштап, аймакты жакшы билбесе, кандай багыт алуу боюнча бардык керектүү маалыматтарды ала алат”, - деп кошумчалашты милициядан.

Маалыматтык материалдар да даярдалган. Буклеттерде жана визиттик карталарда КР укук коргоо органдарынын ишеним телефондору жана күнү-түнү иштеген ыкчам жардам көрсөтүү мекемелер жөнүндө маалыматтар камтылган.

Мекемеден билдиришкендей, Ысык-Көл облусунун милиция кызматкерлери туристтер менен эс алуучулардын коопсуздугун ишенимдүү камсыздоого толук даяр.

Пикир

Оставить комментарий