Ысык-Көлдө туристтик мезгилде коопсуздукту камсыздоо боюнча ыкчам кеңешме өттү

Аймак 0

Бишкек, 09.06.24. /Кабар/. Күн мурун Чолпон-Ата шаарында ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын ыкчам-жетекчилик курамы менен жумушчу кеңешме өткөрдү.

Ведомстводон маалымдашкандай, кеңешменин күн тартибинде жайкы туристтик мезгилде облуста укук тартибин жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери каралды.

Кеңешмеге Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармаыгынын бардык негизги бөлүмдөрүнүн жана кызматтардын башчылары катышты.

Талкууда коомдук тартипти камсыздоодон тартып, укук бузуулардын алдын алууга жана мүмкүн болуучу өзгөчө кырдаалдарга даярдык көрүү боюнча ар кандай маселелери кеңири талкууланды.

Октябрь Урмамбетов Ысык-Көл облусу өлкөнүн негизги туристтик борборлорунун бири катары маанисин баса белгиледи.

"Жайкы туристтик мезгилде бул жерге Кыргызстандан гана эмес, чет өлкөлөрдөн да миңдеген туристтер келишет. Андыктан, эс алуучулардын коопсуздугуна жана ыңгайлуулугуна өзгөчө көңүл буруу керек", - деди ал.

Министрдин орун басары өз сөзүндө ар кандай окуяларга ыкчам жооп кайтарууну күчөтүү, эл көп чогулган жерлерде милиция кызматкерлеринин санын көбөйтүү, коомдук тартипти сактоо жана жол коопсуздугун камсыз кылуунун зарылдыгына басым жасады.

Ошондой эле кылмыштуулуктун алдын алуу чараларына жана күтүлбөгөн кырдаалдар пайда болгон учурда туристтерге тез жана натыйжалуу жардам көрсөтүү үчүн шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурду.

Мындан тышкары, кеңемеде туристтерге жана эс алуучуларга сервистик тейлөө көрсөтүү маселелери дагы талкууланды. Учурда аймакта кошумча маалыматтык борборлорду түзүү пландаштырылып, анда туристтер керектүү маалыматты жана жардамды бир нече тилде ала алышары айтылды. Чет элдик жарандардын кайрылуулары үчүн ишеним телефондору уюштурулуп, маалыматтык пункттардын иши күчөтүлөт.

Кеңешменин соңунда Урмамбетов туристтердин жана жергиликтүү тургундардын коопсуздугу – Ички иштер министрлиги үчүн башкы приоритеттүү багыттарынын бири экенин баса белгиледи.

"Биз Ысык-Көл облусуна келген ар бир турист өзүн коопсуз сезип, өз коопсуздугунан коркпостон эс алуудан ырахат ала тургандай шарттарды камсыз кылышыбыз керек. Бул биздин башкы милдетибиз жана биз аны жогорку деңгээлде аткара алабыз деп ишенем", – деди Октябрь Урмамбетов.

Пикир

Оставить комментарий