Ысык-Көлдө жээкке жакын жайгашкан кафе жана спорт зал буздурулууда

Коом 0

Бишкек, 06.06.24. /Кабар/. Чок-Тал айылындагы "Лазурный Берег" пансионатынын кожоюну көлдүн жээгинен 100 метрлик аралыктагы мыйзамсыз курулуштарын өз эсебинен буздурууда.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, буга чейин Ысык-Көл региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан демонтаждоого билдирүү берген.

Натыйжада көл жээгинен 100 аралыкта курулган кафе жана спорт зал буздурулууда.

Пикир

Оставить комментарий