Бишкек, 07.03.19. /Каба/. Ысык-Көл облусунда очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө кечээ, 6-мартта саат 20:58де катталган.
Жер титирөө Жети-Өгүз районунун Тамга айылында 3 баллга жана Барскоон, Тосор айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Пикир
Оставить комментарий