• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ысык-Көлдө жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек, 16.09.21. /Кабар/. Ысык-Көлдө жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 16-сентябрда саат 12:31де Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Тоң районунун Дөң-Талаа, Булан-Сөгөттү, Ала-Баш айылдарында 3 баллга чейин, Көк-Сай, Кызыл-Туу айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий