• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ысык-Көлдө жолдор кардан тазаланып, инерттүү материалдар себилүүдө – Транспорт министрлиги

Аймак 0

Бишкек, 26.03.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда түндө жааган кардан улам жолчулар жолду тазалап, инерттүү материалдарды себишүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 25-марттан 26-мартка караган түнү Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарына кар жааган. Жол эксплуатациялоо мекемелеринин жолчулары таңында жолду тазалап, инерттүү материалдарды себишти, жолдор ачык.

Барскоон-Ак-Шыйрак автожолунун Сөөк ашуусунда, Кара- Сай заставасына чейин каардуу бороон болуп жатат, Сөөк-Каракол автожолунун Айгыр- Булакка чейин каардуу бороон, каттамдар ачык.

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 27-мартта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо жана Нарын облусунда кар жаашы күтүлөт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. . Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Мындай шарттарга жолчуларда атайын даярдалган инерттүү материалдар жетиштүү.

Пикир

Оставить комментарий