• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Ысык-Көлгө мейманкана курууга Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду 9,3 млн доллар бөлдү

Экономика 0

Ысык-Көл, 11.09.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылына мейманкана курууга Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду 9,3 млн АКШ долларын бөлдү.

Мейманкананын курулушуна бүгүн капсула салынды. Иш-чарага РКӨФ башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков, Россия президентинин регион аралык жана маданий байланыштар боюнча башкармалыгынын башчысы Игорь Маслов, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Данияр Арпачиев жана ишкерлер катышты.

Артем Новиковдун айтымында, мейманкананын курулушу 2025-жылдын 1-февралында башталат. Ал эми имарат 2026-жылдын июнь айында пайдаланууга берилет.

"220 орунга ылайыкталган мейманкана Каприз эс алуу борборунун аймагына салынат. Имаратта конференц-зал жана ресторан да каралган. Жаңы мейманкана ишке берилсе 95 жумуш оруну түзүлөт. Ишке ашырыла турган долбоордун жалпы суммасы 12,5 млн АКШ долларын түзөт. Биздин фонд ишкердикти колдоо максатында 9,3 млн АКШ долларын бөлүп берет. Бүгүн бул макулдашууга кол коюлду", - деди ал.

Ошондой эле Артем Новиков белгилегендей, Azimut мейманканасында спортчулардын машыгуусуна тиешелүү шарттар түзүлөт. "Мындай эс алуу жайы жакында Өзбекстанда ачылды. Биз ишкерлер менен Кыргызстанда мейманканалар тармагын өнүктүрүү боюнча бир катар долбоорлорду иштеп чыгуудабыз", - деди Новиков.

Өз кезегинде президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым өкүлүнүн биринчи орун басары Данияр Арпачиев жаңы борборлордун курулушу менен жайы-кышы дебей Ысык-Көлдө эс алуучуларды кабыл алууга мүмкүнчүлүк түзөт деп эсептейт.

"Эл аралык талапка ылайык мейманкана курула турган болду. Бул биздин облуска туристтерди кабыл алуунун жаңы сервистик деңгээлин жогорулатат. Туристтердин келиши барган сайын өсүп жатат. Биз туристтерди бир гана жайында эмес, төрт мезгилде тең тосуу боюнча пландарды иштеп чыгып жатабыз", - деп белгиледи ал.

Ал эми Россия президентинин регион аралык жана маданий байланыштар боюнча башкармалыгынын башчысы Игорь Маслов 2024-жылы Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондусуна 10 жыл болорун, акыркы жылдары фонд өзгөчө активдүү иш алып барып жатканын айтып өттү.

"Буга чейин Кыргызстан менен Россия капсулаларды салып, бир катар өнөр жай, энергетика жана социалдык объектилерди ачкан. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондусунда жогорку деңгээлдеги адистер иштешет. Алардын бардык долбоорлору өз убагында бүткөрүлөт. Фонд Кыргызстандын жетекчилигинен колдоо алып, россиялык тарап менен да натыйжалуу өз ара аракеттенет", - деп кошумчалады Игорь Маслов.

Пикир

Оставить комментарий