Бишкек, 20.07.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында кечээ, 19-июлда көлгө 25 жаштагы жигит чөгүп кеткен.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, окуя болгон жерге барган куткаруучулар саат 20:30га чейин издөө иштерин жүргүзгөнүнө карабастан оң жыйынтык берген эмес. “Издөө иштери бүгүн, 20-июлда дагы улантылат”, - деп айтылат маалыматта.
Пикир
Оставить комментарий