Ысык-Көлгө арналган азербайжан тилиндеги ыр кыргызчага которулуп ырдалууда

Коом 0


Бишкек, 20.06.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Кыргыз бермети Ысык-Көлгө арналган азербайжан тилиндеги ыр кыргызчага которулду. “Ысык-Көл – үмүт чырагым” аттуу ыр Азербайжандын эл артисти Гулянаг Мамедованын аткаруусунда жаңырып жатат. Бул тууралуу Түрк тилдүү мамлекеттердин саясатын колдоо фондунун президенти Нусрет Мамедов “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, ырдын сөзү Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин кызы Лейла Алиевага таандык. Ал ырды Ысык-Көлгө эс алганы келгенде жазган.

“Ысык-Көл – үмүт чырагым” аттуу ырды кыргыз тилине академик Осмонакун Ибраимов которгон. Обон жазылгандан бери Азербайжандын белгилүү ырчылары ырдап жатышат”, - деди Нусрет Мамедов.

Пикир

Оставить комментарий