Ысыктан кантип сактануу керек? ӨКМ маанилүү эрежелерди сунуштады

Коом 0

Бишкек, 27.06.24. /Кабар/. Окумуштуулар жер шарында быйыл күн адаттан тыш ысыйт деп болжолдошууда. Буга байланыштуу жайындагы мээ кайнаткан ысыктан адамдар кантип сактануу керек? Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бир катар маанилүү эрежелерди сунуштады.

  • Аптапта тамак-аш маанилүү роль ойнойт. Маселен, күн ысыкта майлуу тамактарды жебеңиз. Жатар алдында эттен жана сиңирүүгө кыйын болгон тамактардан алыс болуңуз, анткени алар дененин температурасын жогорулатып, тердин чыгышын күчөтөт. Денени муздатып, ысыкка ыңгайлашууга жардам берген азыктарды: жашылчаларды жана мөмө-жемиштерди көбүрөөк пайдаланыңыз;
  • Тез бузулуучу тамак-аштардан этият болуңуз. Аларга сүт азыктары, балмуздак, даяр салаттар, каймак кошулган токочтор, кайнатылган колбаса, жаңы жана туздалган балык кирет. Ошондой эле көчөдөгү күркөлөрдөн эт толтурулган пирожки, самса жана башка азыктарды сатып алуудан баш тартуу керек;
  • Суюктуктун көлөмүн ысык аба ырайында көбөйтүүгө аракет кылыңыз. Аптапта организмде тер күчөгөндүктөн, суунун балансы бузулат. Ошондуктан күнүнө 3,5 литрден кем эмес суюктук ичүү зарыл. Таттуу, газдалган суусундуктарды ичүүгө болбойт, алар чаңкоону кандырбай тескерисинче суусоону гана күчөтөт. Анын ордуна жөнөкөй сууну же курамында жашылча-жемиштер бар суусундуктарды алыңыз. Алардын жардамы менен организм витаминдердин жана минералдардын кошумча бөлүгүн алат. Ысык көк чай да пайдалуу;
  • Эртең мененки ондон кечки саат жетиге чейин ысыкта сыртка чыкпаганга аракет кылыңыз. Карылар, өнөкөт оорулары бар жарандар жана жаш балдарга өзгөчө көңүл буруу шарт. Алардын организми ысыкты оор көтөрөт. Гипертония жана жүрөктүн ишемиялык оорусу, кант диабети, калкан бези, семирүү, онкологиялык оорулары бар, инфаркт же инсульт менен жабыркагандар жайкысын этият болуусу керек;
  • Эгерде сизде саналып өткөн оорулардын бири болсо, мүмкүн болушунча күндүзү сыртта азыраак болууга аракет кылыңыз жана физикалык көнүгүүлөрдү жасаңыз. Күн салкындаганда бакчадагы физикалык күчтү талап кылган иштерди аткарыңыз;
  • Ысыкта жеңил табигый кездемеден тигилген кийимдерди кийген оң. Ачык түстөргө маани бериңиз. Алар күндүн нурун чагылдырса, кара түстөр ысык тартат;
  • Терезелерди жарык чыпкасы же кадимки ак кагаз менен чаптаңыз, бул бөлмөдөгү температураны бир нече градуска төмөндөтөт;
  • Суу процедуралары да пайдалуу, ийиниңизге нымдуу чүпөрөк коюп, колуңузду жана бетиңизди сууланган сүлгү менен сүртүңүз. Кездеме кургары менен процедураны кайталап туруңуз;
  • Ысык аба ырайында күндүн нуруна каршы профилактикалык чараларды көрүү маанилүү. Күнгө чыкканда жоолук, панама, шляпа болобу дайыма баш кийим кийүү кажет. Ысык күндө сыртта уктоо жана узакка жүрүү сунушталбайт;
  • гер адамга ысык өтүп кетсе, дароо 103 же 112 телефонуна чалып тез жардам чакырыңыз. Тез жардам келгенге чейин биринчи жардам көрсөтүүгө аракет кылыңыз. Жабырлануучуну көлөкө же салкын бөлмөгө алып барыңыз. Аны чалкасынан жаткырып, башын өйдөрөөк кылып, кийимдерин чечип, денесин сүртүңүз, жабырлануучуга суу чачып коюуда сунушталат;
  • Адам эсин жоготкондо, дем алуу жана тамырдын кагуусу сезилбей калганда, дарыгерди күтпөстөн, жасалма дем алдыруу жана жүрөккө жабык массаж жасоого аракет кылыңыз.

Пикир

Оставить комментарий