• 86.5
  • 90.34
  • 0.85

Ысымы жогорку кесипкөйлүктүн символуна айланган – Мамбет Мамакеевге жазылган некролог

Коом 0

Бишкек, 24.11.24. /Кабар/. Кыргыз элинин чыгаан уулу – КР Баатыры, Улуттук илимдер академиясынын академиги Мамбет Мамакеевич Мамакеевдин дүйнөдөн кайтканын терең кайгыруу менен билдиребиз. Ысымы жогорку кесипкөйлүктүн жана өз ишине берилгендиктин символуна айланган улуу кыргыз хирургу 98 жаш курагында арабыздан кетти.

Мамбет Мамакеевич 1927-жылы 1-октябрда Ысык-Көл облусунун Кереге-Таш айылында туулган. Анын өмүр жолу сыноолорго жана кыйынчылыктарга жык толгон: ал согуш мезгилиндеги балалыктын жана согуштан кийинки жокчулуктун катаал жылдарын башынан өткөргөн. Эмгек жолун 1952-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун дарылоо факультетин аяктагандан кийин хирург катары баштаган. Анын профессионалдык карьерасы 70 жылдан ашык убакытка созулуп, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын госпиталдык хирургия кафедрасында ассистент жана доценттен профессор жана кафедра башчысына чейинки өсүштү камтыйт. 1996-2014-жылдары Мамбет Мамакеев КР ССМнын Улуттук хирургия борборун жетектеген.

Мамбет Мамакеевдин ата мекендик медицинага жана мамлекетке сиңирген эмгеги баа жеткис. Ал 30 миңден ашык операция жасап, 100 миңге жакын оорулууларга консультация берип, дарылап, көптөгөн инновациялык дарылоо ыкмаларын практикага киргизип, кечиктирилгис кыргыз хирургия мектебинин негиздөөчүсү жана КМШ өлкөлөрүндө лапароскопиялык хирургиянын пионери болуп калды. Анын эмгегинин негизинде татаал хирургиялык операцияларда өлүмдү бир топ кыскартууга мүмкүндүк берди жана ал Кыргызстанда заманбап хирургиянын пайдубалын түптөгөн.

Академик М.Мамакеевдин олуттуу жетишкендиктеринин негизгиси илимий-изилдөөчүлүк мамилени, илимий-билим берүү багытын жана улуттук медицина салттарын айкалыштырып, Кыргызстандагы медицинанын флагманы болгон илимий хирургиялык мектепти түзгөнү болду.

Бул мектеп гепатопанкреатобилиардык, гастроэнтерологиялык, эндоскопиялык жана кечиктирилгис хирургияга адистештирилген жана республикадагы хирургиялык кызматтын структурасын, функциясын өркүндөтүүгө багытталган Улуттук хирургия борборун түзүүдө чечүүчү роль ойногон.

Көрүнүктүү адистерди даярдоо жана 14 илимий багытты камтуу менен Мамакеевдин мектеби хирургиялык билимди модернизациялоо жана хирургиялык кызматты өркүндөтүүнүн Улуттук программасын иштеп чыгуунун негизин түздү. Бул өлкөбүздө медициналык илимдин жана практиканын сапаттуу деӊгээлге чыгуусуна шарт түздү.

Мамбет Мамакеевич Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы, I, II жана III даражадагы Манас ордендери, ошондой эле Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу жана СССР элдеринин достугу ордендери сыяктуу көптөгөн жогорку мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган. Ал Кыргыз Республикасынын илимине Эмгек сиңирген ишмери жана Эмгек сиңирген дарыгери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгынын жана И.К. Ахунбаев атындагы сыйлыктын лауреаты болгон. Анын жетишкендиктери Кыргызстанда гана эмес, эл аралык аренада да таанылды: M. Mамакеев Бүткүл дүйнөлүк хирург-гастроэнтерологдорунун ассоциациясынын (Франция), Эл аралык хирургдар ассоциациясынын (Швейцария) жана Н.И. Пирогов атындагы Эл аралык хирургдар ассоциациясынын ардактуу мүчөсү болгон. (Россия). Анын жетекчилиги менен медицина илимдеринин 20 доктору жана 22 кандидаты даярдалып, өзү 260тан ашык илимий эмгектин жана 13 монографиянын автору болгон. Мамбет Мамакеевич коомдук ишке активдүү катышып, Кыргыз ССР Жогорку Советинин эки чакырылышынын депутаты жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эки чакырылышынын депутаты болгон.

Кыргыз Республикасы чоң жоготууга учурады. Анын кайраттуулугу, эмгекчилдиги, ишке берилгендиги кыргыз элинин жүрөгүндө түбөлүккө сакталат. Мамбет Мамакеевичтин үй-бүлөсүнө, кесиптештерине жана шакирттерине терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Анын ысымы жана биздин өлкөнүн медицинасын жана коомдук турмушун өнүктүрүүгө кошкон салымы келечек муундардын эсинде сакталып кала берет.

Мамбет Мамкеевичтин жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.

Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

С.Н. Жапаров, Н.Т. Шакиев, А.У. Жапаров, М.А. Сатыев, Э.Ж. Осконбаев, С.С. Касмамбетов, А.А. Касымалиев, К.К. Ташиев, Э.Ж. Байсалов, Б.Э. Торобаев, Р.И. Отунбаева, С.Ш. Жээнбеков, А.С. Кадыралиев, М.К. Укушов, А.К. Осмонов, Б.Т. Сыдыков, А.С. Бейшеналиев, А.Ж. Жумагулов, М.Ш. Шеримкулов, Ж.С. Сааданбеков, У.Э. Далиев, И.О. Кудайбергенова, К.Е. Абдрахматов, М.М. Мамытов, Д.К. Кудаяров, О.Т. Касымов, Э.Х. Акрамов, А.Р. Раимжанов, М.А. Сагымбаев, И.А. Ашимов, Н.К. Касиев, Т.С. Мейманалиев, Т.Д. Абдраимов, М.А. Мамбетов, С. Т. Абдикаримов, С.А. Жумабеков, Д.З. Сагинбаева, Т.А. Батыралиев, К.С. Чолпонбаев, Ж.О. Касымбеков, Г.М. Баатырова, М.А. Исмаилов, Б.К. Арыкбаева, К.К. Байдавлетов, В.К. Раимбачаева, А.Т. Маткеримов жана Кыргыз Республикасынын жалпы медицина коомчулугу.

Пикир

Оставить комментарий