• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Өзүбүздүн валютаны жүгүртүүгө чыгаруу туура чечим болгон – Жээнбеков

Президент 0

Бишкек, 11.05.18. /Кабар/. 1993-жылы Кыргызстандын мурдагы СССР өлкөлөрүнүн ичинен өзүнүн улуттук валютасы – сомду жүргүртүүгө киргизүүсү туура чечим болгон. Бул тууралуу КР президенти Сооронбай Жээнбеков улуттук валюта – сомдун 25 жылдыгына карата өткөрүлгөн Эл аралык конференцияда билдирди.

“1993-жылы 10-майда Кыргызстан өзүнүн улттук валютасы – сомду жүгүртүүгө киргизген. Бул туура жана өз мезгилиндеги чечим болгон”,-деди мамлекет башчысы өзүнүн куттукттоо сөзүндө.

Жээнбеков билдиргендей, КР улуттук валютасы өзүнүн 25 жылдык тарыхында оор жолду басып өттү. Ал маалымдагандай, өткөн чейрек кылым ичинде кыргыз сому өз алдынча акча-кредит саясатынын негизги каржаты гана болбостон, эгемендүү мамлекетибиздин көз карандысыздыгынын символу да болуп калды.

Пикир

Оставить комментарий