• 85.8
  • 93.46
  • 0.87

Өзүнүн дарегинде эмес, бөлөк жерде жашап жаткандар пенсиясын кантип алат? Соцфондун жообу

Коом 0

Бишкек, 07.04.20. /Кабар/. Туруктуу жашап жаткан жеринде эмес, бөлөк даректе жашап калган жарандар пенсиясын 2 жол менен алат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Социалдык фонддун жетекчиси Медер Ирсалиев билдирди.

Анын айтымында, мындай кырдаал апрель айында эле болуп жатат.

"Картасы болгон пенсионерлерге эч кыйынчылык жок. Алар пенсиясын банкоматтардан ала алат. Ал эми почта кызматы аркылуу пенсия алган жарандардын ичинен туруктуу жашап жаткан жеринде эмес, бөлөк жерде жашап калган жарандар биздин call-борборубузга "1202" кыска номери аркылуу кайрылуусу керек же жакын жайгашкан байланыш бөлүмүнө кайрылуусу абзел. Биз карап чыгып, жардам беребиз", - дейт ал.

Ирсалиев маалымдагандай, пенсиялар өз убагында толук түрдө төлөнүп берилет.

7-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 228ге жетти. Ошондой эле илдеттен 23 адам айыкты жана коронавирус жуктуруп алган 4 жаран каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий