• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Үзүр Жусупбеков Париж Олимпиадасында күчүн сынайт

Спорт 0

Бишкек, 20.07.24. /Кабар/. Алты күндөн соң XXXIII жайкы Олимпиада оюндары Париж шаарында башталат. Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан Үзүр Жусупбеков 97 кг салмактагы беттештерге катышып, күчүн сынайт.

Бул ирет 28 жаштагы Үзүр Жусупбековдун спорттогу жетишкендиктери тууралуу маалыматтарды сунуштайбыз.

Өмүр баяны: Үзүр Жусупбеков 1996-жылы 12-апрелде Талас облусунун Ч.Айтматов районундагы (мурдагы Кара-Буура) Кызыл-Адыр айылында туулган. Беш бир туугандын улуусу. Бир катар эл аралык мелдештердин байгелүү орундарынын ээси.

Спорттогу ийгиликтери:

  • Азия оюндарынын коло медалынын ээси (Жакарта, 2018);
  • Жабык имараттагы Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси (Ашхабад, 2017);
  • Азия чемпионатынын коло медалынын ээси (Бангкок, 2016);
  • Азия чемпионатынын коло медалынын ээси (Бишкек, 2018);
  • Азия чемпионатынын алтын медалынын ээси (Сиань, 2019);
  • Азия чемпионатынын коло медалынын ээси (Улан-Батор, 2022);
  • Азия чемпионатынын күмүш медалынын ээси (Астана, 2023);
  • Ислам шериктештик оюндарынын күмүш медалынын ээси (Баку, 2017);
  • Ислам шериктештик оюндарынын күмүш медалынын ээси (Конья, 2021);
  • Азия тандап алуу турниринде Токио Олимпиадасына жолдомо уткан (Алматы, 2021);
  • Дүйнөлүк лицензиялык турнирде Париж Олимпиадасына жолдомо алды (Стамбул, 2024).

Мамлекеттик сыйлыктары:

  • Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Үзүр Жусупбеков КР Ардак грамотасы менен сыйланган (2021).

Пикир

Оставить комментарий