• 87
  • 90.41
  • 0.84

Зайнидин Курманов: Кыргызстандын жаңы багыты жана келечеги пайда болду

Коом 0

Тарыхчы, коомдук жана саясий ишмер Зайнидин Курманов Эгемендүүлүк күнүнүн алдында "Кабар" маалымат агенттигине берген эксклюзивдүү комментарийинде Кыргызстанда соңку жылдардагы реформаларды талдоого алды. Эксперт өнүгүүгө жана экономикалык өсүшкө өбөлгө түзүүчү өзгөрүүлөрдүн маанилүүлүгүн белгилеп, саясий системанын терең кайра жаралууларынын жана мамлекеттик башкарууга мамилелердин кайра каралышынын шартында республика үчүн ачылып жаткан мүмкүнчүлүктөрдү атады.

Кыргызстанда акыркы үч жылда көзгө көрүнөрлүк өзгөрүүлөр болду. Өлкөнүн жаңыланып (жаңы дем алып) жатканын байкаш үчүн серепчи же адис болуунун кереги жок. Пенсиялар, айлыктар көбөйүүдө, социалдык тармактын абалы жакшырууда. Мамлекетте акча каражаттары пайда болуп, ар кандай тармактарды каржылоо жакшырды.

Кумтөр мамлекетке кайтарылганы маанилүү, бул президенттин шайлоо алдындагы убадасы болчу. Буга жетүү абдан кыйын болду, бирок мамлекет башчысы сөзүнө турду. Саясатчы катары айта кетейин, бизди соттук териштирүүлөр жана эл аралык процесстер орун алганда сөзсүз утуларыбызды, бул экономикабыз үчүн кыйроого барабар болот деп ишендиришкен. Бирок, ишкана бир нече жылдан бери элдин кызыкчылыгы үчүн иштеп келе жатат.

Коррупцияга каршы күрөш кандай жүрүп жатканын көрүп жатабыз. Мындай иш менен алектенүү барган сайын кооптуу болуп баратат. Бирок таза иштөө деген түшүнүк азыртадан эле калыптана баштады. Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш жүрүп жатат жана Кыргызстандан толук түрдө жоголушу ыктымал. Бул тууралуу мурдагы жылдарда кыялдануу кыйын эле.

Мектептер, гидростанциялар, чоң социалдык турак жайлар курулуп, жолдор оңдолуп, Кыргызстандын экономикалык жашоосу кайнап жатат. Бийлик тазаланып, башкарууга иш билги адамдардын тартылуусу менен учурда таптакыр башка принциптер иштөөдө. Өлкөбүздө көптөгөн өнүгүүлөр болуп, өнөр жай объектилери, 40ка жакын ишканалар Эгемендүүлүк күнүнө карата ачылууда. Жакында ишке ашуусу кыялыбызда да болбогон Кыргызстанда автомобилдерди чыгаруучу биринчи атамекендик завод ачылды. Жаңы авиакаттамдардын ачылуусу менен транспорт тармагы жакшырып, кеңейүүдө. Өлкөдө ар тараптуу өнүгүү болуп, мамлекетибиздин эл аралык деңгээлде кадыр-баркы өсүүдө.

Бул реформалардын экономикалык жана саясий чөйрөдө бирдей уланышы абдан маанилүү. Учурда парламент коррупция менен кылмыш иштерине катыштыгы бар депутаттардан тазаланууда, бирок эки жылдан кийин Жогорку Кеңештин жаңы курамын шайлоо өтөт. Ал мезгилге чейин депутаттык мандатка байлар же олигархтардын кызыкчылыгын көздөгөн адамдар гана келбестен, жаңы парламентке орто класстын өкүлдөрү, интеллектуалдардын келүүсүн каалайм, ал үчүн шарт түзүү маанилүү. Демек, президенттин саясий эрки менен жүргүзүлүп жаткан реформалар сөзсүз түрдө улантылышы керек.

Токтобостон мындан ары да бул саясий өзгөрүүлөрдү улантуу зарыл. Ансыз тең салмактуу, туруктуу өнүгүү болбойт. Олигархтар мындан ары бийликке келбеши керек. Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, алар өлкөнүн өнүгүүсү үчүн иштешпестен, жеке пайдасы, кызыкчылыгы үчүн келишет. Орто классты колдоп, өнүктүрүшүбүз керек, анткени алар мамлекеттик курулуштун жана өнүгүүнүн негизи.

Адамдардын өлкөдөгү өзгөрүүлөрдөн үмүтүн үзгөн учурлары болгон. Революциялар болсо да, айрым адамдар гана алмашып, саясат ошол бойдон эле кала берген. Уруулук, трайбализм, алдамчылык сыяктуу көрүнүштөр уланып, эч кандай өнүгүү болгон эмес. Бийликке элдин ишеними жоголуп, ал жака адамдар жеке кызыкчылыгы үчүн гана келишкен. Өзгөчө 2010-жылдагы окуядан кийин бийликте казынага кол салгандар көбөйгөн. Айрымдар кичине тартынып, уурулук иш-аракеттерин жабууга далалат кылышса, булар ачык эле мамлекетти тоношуп, 600 долларлык аттиш ошол учурдун символуна айланган.

2020-жылы кайра бийлик алмашты, бирок бул арада маанилүү өзгөрүүлөрдү деле эч ким күткөн эмес. Бирок, күтүлбөгөн чоң өзгөрүүлөр болду. Бийликке мурдагыдай жашоо мүмкүн эместиги түшүнгөн, мекен үчүн күйгөн эр заматтар келди. Саясий эрк жана элдин кызыкчылыгы дал келип, экономикалык өсүш жана өнүгүү башталды. Кыргызстандын багыты, келечеги пайда болду.

Пикир

Оставить комментарий