Заир Чокоев Улуттук банктын төрагасынын орун басарлыгынан бошотулду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 12.12.23. /Кабар/. КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Чокоев Заир Линарович ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон.

Белгилей кетсек, Заир Чокоев аталган кызматка 2021-жылдын ноябрында дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий