Бишкек, 11.02.19. /Кабар/. Акыркы кезде коомчулукта чет өлкөгө чыгып жаткан жарандардын өмүрүн милдеттүү түрдө камсыздандырууну киргизүү демилгеленип жатат. Бул маселеде айрым мүчүлүштүктөр болуп, айрым жерлеринде адам укуктарын чектеген жерлери болгондуктан «Кыргызстандыктардын эл аралык конгресси жана мекендештердин Замандаш” ассоциациясы билдирүү жасоону туура көргөн.
Ассоциация 2003-жылы Кыргызстандын эмгек мигранттарынын кызыкчылыктарын коргоо үчүн түзүлгөн. Ал убакыттан бери бул ишти үзгүлтүксүз жүргүзүп келе жатат. Андан бери чет жерде каза болгон жарандарыбызды (“жүк 200”) Кыргызстанга жеткирүү боюнча мекендештерибиз бизге дайыма кайрылып келишет.
Биз диаспоралык уюмдар менен биргеликте, өлкөбүздүн бийлигине чет жерлерде каза болгон жарандар менен мекендештерибиздин сөөгүн мекенине жеткирүү көйгөйлөрүн чечүүчү варианттарды сунуш кылганбыз. 2008-жылы биз биринчи жолу каза болгон кыргызстандыктын сөөгүн жеткиргени үчүн, анын үй-бүлөсүнө компенсация төлөтүп берүүгө жетиштик. Ошол эле учурда биз кыргызстандыктардын өмүрүн милдеттүү түрдө камсыздандыруу демилгесине каршыбыз. Анткени бул - биздин жарандар кокус башка өлкөдө каза болуп калса, алардын жакындарына жардам берет деген аргументке ишенич жаратпайт. Биринчиден, жарандарыбызга дагы бир финансылык оорчулуктун түшүп жатканы бизди тынчсыздандырат. Акча таап келүү үчүн кетип жаткан мигранттар – көп учурда материалдык кыйынчылыкты баштан кечирип, өзүнүн жана туугандарынын экономикалык абалын жакшыртууга аракет кылып жаткан адамдар. Ал эми камсыздандыруу полисинин наркы 300 сом болсун деген сунуш эмненин негизинде эсептелип чыкканы түшүнүксүз.
Жакында өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиев миграцияда 750 миң кыргызстандык жүргөнүн билдирди. Булардын ар бири аз дегенде жылына бир жолудан чек арадан өтүшөт. Башкача айтканда, алардан эле 225 млн. сом жыйнап алса болот. Мындан башка ар кандай себептер менен чек арадан өтүп жатышкан кыргызстандыктардын абдан чоң агымын, айталы, убактылуу командировкага чыккандарды да эске алышыбыз керек. Жыйынтыгында булардын бардыгы кошулуп, “жүк 200дү” жеткирүүгө зарыл болгон 15 млн. сомдон ашыкча сумма жыйналат. А бул болсо аларды төлөй турган карапайым адамдарды алдоо, каражатты максатсыз жумшоо жана коррупциянын очогу. Бул жөнөкөй адамдарга камкордук көрүү эмес эле бизнес-схемага окшоп турат. Экинчиден, бирок эң башкысы – акча төлөсө гана өлкөдөн чыгууга боло турган шартка мажбурлоо – Кыргыз Республикасынын жашоочуларына өлкөдөн эркин чыгып кетүүгө кепилдик берген КР Конституциясына жана адам укуктарынын Бүткүл дүйнөлүк декларациясына карама-каршы келет. Биз мамлекет камсыздандырууну бир гана өз эрки менен жасай тургандай мүмкүнчүлүктү таба билүүсүн жана бул маселеге абдан кылдат мамиле кылууну колдойбуз. Себеби бул демилгеге жарандар ишене беришпейт. Ал эми аны ишке киргизүү механизми дагы терең, ар тараптуу иштеп чыгууну талап кылат. Ошондой эле мигранттардын үй-бүлөлөрү жоготууга кабылган учурда аларга мамлекеттик жардам берүүнүн ыкчам жана жөнөкөй жолуна өтүүнү, мигранттарга компенсация төлөп берүүнүн суммасын көбөйтүүнү сунуш кылабыз.
Мындан тышкары, чет өлкөлөрдөгү мекендештерди жана кыргызстандыктарды мамлекеттик колдоо программасынын алкагында, мекендештин статусун бекитүү тезирээк кароого коюла тургандыгына да биздин үмүтүбүз чоң. Ушуга тиешелүү документ – “Мекен-кард” киргизилүүсүн да күтөбүз. Мындай чаралар Кыргызстандын жарандарынын үй-бүлөлөрүнө гана эмес, башка мамлекеттердин жарандыгын алышкан мурдагы кыргызстандыктардын да жардам алышына жол ачат.
«Замандаш» ассоциациясы
Пикир
Оставить комментарий