• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Замирбек Базарбеков БУУӨПтүн Кыргызстандагы туруктуу өкүлүн кабыл алды

Коом 0

Бишкек, 13.10.23. /Кабар/. Бүгүн Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александра Соловьеваны кабыл алды. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы билдирет.

Төрага өз сөзүндө жолугушуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, Жогорку сот менен БУУнун Өнүктүрүү программасынын ортосундагы кызматташтык активдүү жана жемиштүү болуп жаткандыгын белгиледи.

"Биз аталган программаны өнөктөш катары жогору баалайбыз, айрыкча анын Кыргызстандын сот тутумун өнүктүрүүдөгү эмгегин жана колдоосун жогору баалайбыз. Сот системасы укуктук мамлекеттин өзөгү жана коомдогу мыйзамдуулуктун кепили болуп саналат. Биздин кызматташтык, албетте, сот адилеттиги системасын бекемдөөгө жана өркүндөтүүгө, мыйзам үстөмдүгүн илгерилетүүгө жана Кыргызстандын ар бир жараны үчүн адилеттүүлүктү камсыз кылууга салым кошууда", - деди Замирбек Базарбеков.

Ошондой эле жолугушууда айтылгандай, Жогорку сот жана Судьялар ассоциациясы тарабынан БУУӨПтүн колдоосу менен экологиялык сот адилеттигине жеткиликтүүлүк маселелери боюнча судьялардын биринчи эл аралык конференциясынын ийгиликтүү өткөрүлүшү активдүү кызматташтыктын далили болуп саналат. Жогорку соттун төрагасы өткөн конференцияны экологиялык адилеттүүлүк жаатындагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү жана чыңдоодогу маанилүү кадам катары баалады, ал соттордун өкүлдөрүнүн гана эмес, башка мамлекеттик органдардын, эл аралык эксперттердин жана практик юристтердин ортосунда пикир жана билим алмашууга өбөлгө түзөт.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар сот адилеттиги секторун бекемдөө багытынын алкагындагы мүмкүн болгон өз ара аракеттешүүнү, ошондой эле Жогорку сот органы менен өнөктөштүктө экологиялык сот адилеттигин илгерилетүү боюнча БУУӨПтүн жүргүзүп жаткан иштерин жана пландарын талкуулашты.

Жолугушууга ошондой эле Жогорку соттун төрагасынын орун басары Шералы Камчыбеков, Жогорку соттун судьясы Дилара Арстанбаева жана Жогорку соттунн аппарат жетекчиси Эркинбек Мамыров катышты. Талкууга БУУнун Өнүктүрүү программасы тарабынан «Мамлекеттик башкаруу жана социалдык биримдик» программалык багытынын жетекчиси Эркин Уразбаев жана укук үстөмдүгүн жана демократияны бекемдөө маселелери боюнча улук кеңешчи Жеңишбек Арзыматов дагы катышты.

Пикир

Оставить комментарий