Бишкек, 08.12.22. /Кабар/. Кечээ, 7-декабрда Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Элдик курултайдын аксакалдар кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиевди кабыл алды. Бул тууралуу Жоголрку соттон билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда Кадыр Кошалиев Жогорку соттун төрагасына улуттук жыйында кабыл алынган резолюцияны расмий тапшырды.
КР Жогорку сотуна төмөндөгү сунуштамалар берилген:
— жарандардын кайрылууларын, даттанууларын дыкат карап, адилеттүү жана калыс жыйынтыктарды чыгаруу;
— шектүү катары кармалган жарандардын иштерин узакка созбой, кыска мөөнөттө карап чыгуунун жаңы ыкмаларын иштеп чыгуу жана өндүрүшкө киргизүү;
— сөз эркиндиги биздин байлыгыбыз, ошол эле учурда сөз маданиятын сактоо да ыйык парзыбыз экендигин эстен чыгарбай, эркин ой айтуунун аягы саясий куугунтукка айлануусуна жол бербөө;
— чек ара маселеси боюнча камалгандардын ишин мыйзам чегинде адилет, кылдат карап чыгып, үй камагына чыгарып тергөөнү улантуу, күнөөсү жокторду бошотуу сунушталсын.
Жолугушууда сот бийлиги менен Элдик курултай институтунун ортосунда иштиктүү кызматташуу маселелери талкууланды.
Пикир
Оставить комментарий