Замирбек Базарбеков жергиликтүү соттор менен ыкчам онлайн кеңешме өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 04.07.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков жергиликтүү соттор менен видеоконференц байланыш аркылуу ыкчам кеңешме өткөрдү.

Жогорку соттон маалымдашкандай, анда Чүй облустук сотунун судьялары менен болгон акыркы көрүнүш талкууланды.

Төрага мамлекет бардык органдардагы коррупцияны жоюу боюнча эң катаал чараларды көрүп жатканын жана сот системасы да четте калбасын дагы бир жолу эскертти.

"Сот системасында жеке кызыкчылыгы бар судьяларга орун жок деген бир нече жолу эскерткениме, тилекке каршы, айрымдары жыйынтык чыгарбагандыгы көрүнүп турат.

Мен дагы бир жолу эскертип коеюн, укук коргоо органдарынын мындай көрүнүштөрдү жоюу жана өзүн булганган судьялардан арылуу боюнча иш-аракеттерди мен Жогорку соттун төрагасы катары колдоо көрсөтөм", - деп билдирди Замирбек Базарбеков.

Эгер соттор арасында пара менен кармалып, коррупцияга жол берип жаткан көрүнүштөр болсо, мындай судьяларга жана аппарат кызматкерлерине катуу чаралар көрүлө тургандыгын айтты.

Белгилей кетсек, буга чейин Чүй облустук сотунун эки судьясы пара талап кылуу жана пара алуу фактысы боюнча кармалганы кабарланган.

Пикир

Оставить комментарий