Бишкек, 20.12.24./ Диана Айдарова - Кабар/. Баткен облусунун барууга кыйын болгон тоолуу Зардалы айылы 19- кылымдан 21-кылымга илбирс секиригин жасады. Бул тууралуу III Элдик курултайдын делегаты Абдыкерим Каламбеков билдирди.
Курултайдын жүрүшүндө ал президент Садыр Жапаровго Баткен районунун Зардалы айылынын тургундарынын атынан ыраазычылык билдирди.
Анын айтымында, учурда айылга электр жарыгы тартылып, уюлдук байланыш ишке кирди.
"Зардалы 19-кылымдан 21-кылымга илбирстин секиригин жасады", - деди делегат.
Ошондой эле ал жол курулуп бүткөндөн кийин президентти кайрадан Зардалыга келип кетүүгө чакырды.
Пикир
Оставить комментарий